Ош Пирим

9-майда Орусияда “өлбөс полктун” жүрүшү болбойт

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн орус Телеграм-каналдары жазды. Маалыматка ылайык, жүрүш “коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына” байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөйт. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.

Кененирээк

Билим берүүгө тармагына лицензия берүү электрондук негизде жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу…

Кененирээк

Эми нотариалдык кызматтар ишемби күнү да иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу. Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат. Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Кененирээк

“Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев. Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген…

Кененирээк

Балыкчы шаарынды заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.Жалпы аянты 213 чарчы метр түзгөн тейлөө имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан. 13 адис жарандарды кабыл алат. Мында керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.Жарандар электрондук кезек менен кабыл алынат, бул…

Кененирээк

Ата-энесинен ажыраган балдарга депозит ачылды

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта тоголок жетим калган ар бир балага коммерциялык банктардын биринен депозит ачылып, жыл сайын республикалык казынадан каражат бөлүнөт. Акча балдар 18 жашка толгондон кийин алардын тандоосу боюнча ден соолугун, жашоо шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшалат….

Кененирээк

20га жакын кыргызстандык Орусияга киргизилген жок

Бүгүн 17-апрельде эрте менен Орусиянын «Шереметьево» аэропортунан 20дай кыргызстандык өткөрүлгөн жок. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда жүргөн мекендештердин абалынан кабардар болуп турушкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди. Учурда аэропорттун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20га жакын Кыргыз Республикасынын…

Кененирээк

“Ош” аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды

“Ош” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жумуштар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган. Оңдоп-түзөө иштеринин 1-этабында автоматташтырылган каттоо эсептегичтери жана жүктү жөндөөчү техникалар жаңыртылат.

Кененирээк

Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымы бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат. Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар жанына керектүү шаймандарды…

Кененирээк

Үй алууну каалагандарга шарттар жеңилдеди

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди. Министрлер кабинетинин “Менин үйүм” программасынын алкагында “Үлүштүү курулуш” механизмин киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сатып алууда эмгек стажы, киреше жана кредиттик тарых текшерилбейт. Аталган уюмдан билдиришкендей, “Үлүштүү курулуш” механизми республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү, анын ичинде чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандыктарга дагы.

Кененирээк