Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат. Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар жанына керектүү шаймандарды алып жүрүшү керек.

