Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин эс алуу болот. Ал эми 2-майдын ордуна жарандар 6-майда ишке чыгат. 3-майдын ордуна 11-май, ишемби жумуш күнү болот.
Ошондой эле, 9-май дем алыш болуп эсептелет.
Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болот.

