Бүгүн Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жалпы аянты 213 чарчы метр түзгөн тейлөө имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан. 13 адис жарандарды кабыл алат. Мында керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Жарандар электрондук кезек менен кабыл алынат, бул убакытты бир топ үнөмдөйт.
Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын калкынын саны 54 миңден ашат жана Ысык-Көл облусундагы эң жыш жайгашкан шаарлардын бири болуп эсептелинет.
Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү эки башка имаратта жайгашып, касса жана нотариус өзүнчө башка имаратта болгондуктан, элге ыңгайсыздыктар жаратып келген.
