Көзөмөлгө дайым муктаж балдары бар ата-энелердин акысын эки эсе көбөйтүү сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында депутат Жанарбек Акаев алып чыкты. Ал өлкөдө реабилитациялык борборлор да жетишпей турганын, аймактардагы бош турган имараттарды реабилитациялык борбор үчүн колдонууну да карап көрүүнү өтүндү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин быйыл январдагы маалыматына караганда, 14 миң 287 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жана чоңдор жеке жардамчылардын кызматын алышат. Эске салсак, Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн 2019-жылдан тарта маяна төлөнө баштаган. Жеке жардамчыга ай сайын төлөнүүчү төлөм 6 миң 268 сомду түзөт.

