Мэр Айбек Жунушалиев Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын абалын текшерди. Имаратта нымдуулук жогорулап, конструкциялар эскирген.
Инженердик системалар менен желдетүүнү жаңылоо пландалууда, бирок имараттын айрым бөлүктөрүн реконструкциялоо же бузуу маселеси Шаар куруу кеңешинде каралат.
Мэр тарыхый элементтерди сактап калууну тапшырды.


