Ош Пирим

Баткен облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 107,9 млн сомго 34 долбоор бекитилди

2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Баткен облусуна 107,9 млн сом суммасында 34 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Кадамжай районунун 11 объектисине 25,8 млн сом; Лейлек районунун 9 объектисине 30,2 млн сом;Кызыл-Кыя шаары боюнча 6 объектиге 24 млн сом; Сүлүктү шаары боюнча 4 объектиге 11,6 млн сом; Баткен шаарынын 4 объектисине 16,3…

Кененирээк

Акыркы 3 айда бодо малды экспорттоо 28,3 миңге жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 3 айында Кыргызстандан экспорттолгон жана өлкөгө импорттолгон жандык жана бодо мал боюнча маалымат берди.Анын ичинен экспорт:бодо мал – 28 313 баш;кой-эчки – 24 426 баш;жылкы – 1083 баш.Импорт: бодо мал – 3241 баш; жылкы – 1071 баш.

Кененирээк

Ата-энесинен эрте ажыраган балдарга өкмөттөн 500 миң сомдон берилет

Ата-энесинен эрте ажыраган балдарга өкмөттөн 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендигин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады. Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштагандыгын айткан. «Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө…

Кененирээк

10-апрельден тарта Бишкекте кичиавтобустар каттамдан чыгарыла баштайт

Бишкек шаарынын мэриясы 10-апрелден тарта каттамдардан кичиавтобустарды чыгаруу менен калаанын борбордук бөлүгүн бошотууну пландап жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү– Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат. Шаар бийлиги жакында бардык кичиавтобустар автобустарга алмаштырыларын билдирди. Ал эми кичиавтобустардын айдоочулары окутуудан өтүп, муниципалдык автобустун…

Кененирээк

“Мир” картасы мындан ары Кыргызстанда иштебейт

“Мир” картасы Кыргызстанда 5-апрелден тарта иштебейт. Бул туурасында Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди. Февралдын соңунда АКШ Россиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими кабыл алынганы белгиленди.5-апрелден кийин төмөнкү операциялар ишин токтотот: POS-терминал аркылуу…

Кененирээк

Өлкө аймагында мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда

Өлкөнүн мектептеринде 650дөй мугалим жетишсиз. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде көбүнчө табигый жана так илимдер боюнча мугалимдер аз экенин билдирди. Улуттук статистка комитетинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат. Эске салсак,Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан…

Кененирээк

Баткенде мунайды кайра иштете турган завод курулууда

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Завод быйыл июнь айында пайдаланууга берилмекчи. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи. Мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталганы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилери кошумчаланды. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө….

Кененирээк

Балыктарды көбөйтүү аракети

Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлгө форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары кое берилди. Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын айыл чарба министрлиги билдирди. «Тоң балык өстүрүүчү…

Кененирээк

Бактылуулук боюнча Өзбекстан алдыңкы орунда

Өзбекстан Бактылуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 143 өлкөнүн ичинен 47-орунга жайгашты. БУУнун түзүмү Гэллап институту жана Оксфорд изилдөө борбору менен биргеликте даярдаган ар жылкы рейтингде быйыл Финляндия катары менен жетинчи жолу дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Мындан тышкары рейтингдин алдыңкы ондугуна Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирсе, эң акыркы сапка…

Кененирээк

Билим берүү министрлигин экиге бөлүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бала бакча менен мектептерди өзүнчө, жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал 20-мартта Улуттук илимдер академиясында сөз сүйлөп жатып айтты. «Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү,…

Кененирээк