Ата-энесинен эрте ажыраган балдарга өкмөттөн 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендигин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады.
Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштагандыгын айткан. «Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 миң үй -бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99%ы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Эске салсак, азыркы күндө өлкөдө 1 миң 868 ата энесинен эрте ажыраган бала бар, алар үчүн бул жылдан тарта 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.

