Ош Пирим

Университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Эл аралык университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок, анда жашаган 150 студент толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жатакананын жалпы 300 чарчы метрдей аянты өрттөнгөн. Тилсиз жоо 2-январда түнкү саат 12ге чукул толук өчүрүлгөн. Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Лесхозная көчөсүндө турган Эл аралык университеттин…

Кененирээк

Венесуэланын президенти аялы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылды

Өткөн түнү Венесуэланын борбору Каракаста жети ирет катуу жардыруу болуп, алар төмөн учкан учактардын катуу добушу менен коштолду. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, окуя түнкү саат экилер чамасында болгон. Бул көптөгөн райондордун тургундарын дүрбөлөңгө салып, көчөгө чыгууга мажбур кылган. Каракаста иштеп жаткан CNN телеканалынын тобу жардыруулар болгонун ырастап, шаардын айрым бөлүктөрү электр энергиясыз калганын билдирди….

Кененирээк

Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар 1-февралга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы такси айдоочуларына лицензия алуу боюнча чукул кайрылуу жасады.Берилген мөөнөттөн кийин лицензиясыз жүргүнчү ташыган айдоочуларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси: ▪️Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк ▪️Унаа башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү ▪️Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү ▪️Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү ▪️Рейс алдында унаа техникалык ал эми…

Кененирээк

Ташиев Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлерине автоунаа тапшырды

Ташиев Жалал-Абадда дарыгерлерге автоунаа тапшырып, 1-январдан тартып коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты. УКМК төрагасы апасы Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 35 автокөлүк тапшырды. Ал иш чарада сүйлөп, апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ошондой эле 1-январдан баштап коррупция менен күрөш күчөтүлгөндүктөн дарыгерлерди мыйзамсыз акча талап кылбоого, кесиптик…

Кененирээк

Кыргызстанда акыркы бир суткада 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 365 төрөт катталып, анын ичинен төртөө эгиз төрөт болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда: – Жалал-Абад областтык бириккен клиникалык ооруканасында – 2 эгиз, – Бишкек шаардык перинаталдык борбордо – 1 эгиз, – Ош шаардык төрөт үйүндө – 1 эгиз төрөт кабыл алынды. Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 31-декабры саат…

Кененирээк

ИИМ жаңы жыл тынч өткөнүн билдирди

Өлкө аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталбаганын министрликтен билдиришти. Жаңы жыл түнү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.

Кененирээк

Ош шаарында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду. Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады.Майрам концерттик…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жылдагы ийгиликтерди белгиледи. Ал узап бараткан жыл эгемен чек аралардын толук такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калганын айтты. Мындан тышкары, Кыргызстанга ири инвесторлор келип жатканын белгиледи. «Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин…

Кененирээк

Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат

Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин заводдун кызматкерлери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Учурда завод кызматкерлерине берилбей калган үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча минкабдын тескемесинин долбоору даярдалып жатат. Ошондой эле заводго инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Инвестор табылып, өндүрүш иши толук жанданганга чейин заводдун 550 кызматкери эмгек…

Кененирээк

Бишкекте «Тазалыктын» сууга агып кеткен дагы бир жумушчусунун сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Тазалык” ишканасынын 30-декабрда жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылганын билдирди. 31-декабрда издөө иштери уланып, ага 150 киши тартылган. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери жана Бишкек шаардык мэриясынын 30 кызматкери. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп…

Кененирээк