Slider

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, 18-февраль күнү жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Ал райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете элек кызга зордуктоо фактысы боюнча корутунду берүү үчүн акча каражатын талап кылгандыгын маалымдаган.

Адис 1100 сом акча каражатын алган соң дагы 3000 сом берүүнү талап кылганы айтылат.

Бул факт Жазык кодексинин 238-беренеси («Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *