“Чакан ГЭС” ААК кубаттуулугу 25 МВт болгон Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 млн долларды тузөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык аныкталат.