Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында депутаттар үч вице-спикерди шайлашты.Ага ылайык, эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев төраганын биринчи орун басары болуп шайланды.

Ошондой эле Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза вице-спикерлик кызматтарга бекитилди.

Чыңгыз Ажибаевди төраганын биринчи орун басары кылып шайлоону 82 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берди

Жылдыз Таалайбек кызын вице-спикерликке шайлоого 85 депутат макул болуп, 2 депутат каршы болду.

Карим Ханджезага 73 депутат добуш берип, 8 депутат каршы чыгып, дагы 6 депутат калыс калды.

Ал эми төрагалыка кайрадан эле Нурланбек Тургунбек уулу келди. Ал кесиптештеринин 84 добушун алып, 3өө каршы добуш беришти.Шайлоо жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин жетекчилиги толукталды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *