Нурзаада Мурзаматова

Казакстан жана Армения Трамптын «Тынчтык кеңешине» $1 млрд төлөбөстөн кошулду

Казакстан «Тынчтык кеңешине» $1 млрд өлчөмүндөгү мүчөлүк төлөмсүз кирди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы билдирди.  Армения да кеңешке каржылык салым кошпой мүчө болду. Өлкөнүн ТИМинин басма сөз катчысы Ани Бадаляндын айтымында, кеңештин уставы ыктыярдуу негизде мүчөлүктү карайт.  Маалыматка ылайык, «Тынчтык кеңешине» кошулуу үчүн бардык өлкөлөрдөн бирдей каржылык талап коюлбайт. Ар бир мамлекет…

Кененирээк

Кыргызстанда фермерлерге 6% менен айыл чарба техникаларын лизингге берүү уланууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдагандай, долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта берилет. Былтыр фермерлерге жалпы суммасы дээрлик 10 млрд сомдук 2 миң 800дөн ашык техники берилди.

Кененирээк

29-январдан тарта “Бейиш 2: Апама кат” тасмасы прокатка чыгат

Ага белгилүү россиялык актерлор Станислав Бондаренко, Алексей Щербаков, Павел Майков жана башкалар тартылган. Тасма КМШ өлкөлөрүндө дагы көрсөтүлөт.

Кененирээк

Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери тендердик сумманын 10%ын системалуу түрдө опузалап алышканы аныкталган. Алар тоскоолдук жаратып, аткарылган иштер үчүн төлөмдөрдү кечеңдетип турушкан. Кызматкер А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси…

Кененирээк

Иран бийлиги нааразылык акцияларында 3 миңден ашуун адам каза болгонун расмий жарыялады

Иран өкмөтү өлкөдө болгон массалык нааразылык акциялары учурунда 3117 адам каза болгонун расмий жарыялады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги менен «Шейиттер жана ардагерлер фонду» биргелешкен билдирүү таратканын Euronews маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, каза болгондордун 2427си жарандар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. Калган адамдар боюнча толук маалымат берилген жок. Бирок бул сандарды укук коргоо уюмдары шектүү деп…

Кененирээк

Жогорку Кеңеш гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында “Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды. Мыйзамды 40тай депутат демилгелеген. Анын алкагында “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча…

Кененирээк

Азиз балдардын мектеп-интернаттарына Брайл шрифтинде жазуучу 10 машинка тапшырылды

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 20 машинка сатып алуу үчүн өкмөт башчынын резервдик фондунан 3 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына берилери айтылды….

Кененирээк

Тажикстан Кыргызстанга экспортун 19 эсеге көбөйттү

Тажикстан Республикасынын Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга товар экспорттоонун көлөмү олуттуу өстү. 2024-жылы 475 миң доллар болсо, өткөн жылы 9 миллион долларга жеткен. Натыйжада көрсөткүч 19 эсеге жогорулаган. Эксперттер товар жүгүртүүдөгү өсүштү тынчтык келишимине жана Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлушу менен байланыштырып жатышат. Кыргызстан болсо Тажикстан менен жалпы чек арасы бар ЕАЭБдеги жалгыз өлкө…

Кененирээк

Бишкекте Тез жардам борборунун автопаркы жаңыланат

Бишкекте Тез жардам борборунун автопаркы жаңыланат. Бул тууралуу мекеменин директору Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, учурда кызматтын карамагында 83 унаа бар, бирок алардын үчтөн бири иштөө мүмкүнчүлүгүнөн чыккан. Ошол эле кезде, күн сайын 42 тез жардам бригадасы каттамда иштейт. «Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги борборго 40 жаңы тез жардам унаасын берүүнү пландоодо»,- деди Шаяхметов.

Кененирээк

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске карата рейддик текшерүүлөрдү токтотту

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске карата рейддик текшерүүлөрдү жана контролдук сатып алууну убактылуу токтотту.  Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту.  Бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү…

Кененирээк