Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана австриялык методология менен туризм мектебин ачуу талкууланды. Негизги долбоор — Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун түзүү. Башкы басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадр даярдоого жасалат, имараттарды реконструкциялоо жана жабдуу маселелери каралууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкты

АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкканын Bloomberg билдирди. Чечим 27-январдан тартып күчүнө кирди — бул АКШ БУУга билдирүү жөнөткөндөн туура 1 жыл өткөндөн кийин ишке ашты. Келишимден чыгуу тууралуу жарлыкты президент Дональд Трамп 2025-жылдын январында инаугурация күнү кол койгон. Париж келишими глобалдык жылуулукту чектөөгө жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган. Андан чыгуу менен АКШ:…

Кененирээк

Минкаб: Кийинки жылы ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт менен машыгуусу керек

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды. Учурда Кыргызстанда калктын болгону 15%ы спорт менен үзгүлтүксүз алектенет. План боюнча бул көрсөткүч 30%га чейин жеткирилет. Негизги багыттар: Ошондой эле спорт улуттук санарип платформасын түзүү пландалууда. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар программаны аткаруу боюнча жылына 2 жолу отчет берет. Максат — калктын саламаттыгын…

Кененирээк

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Көрсөткүч 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Аталган иш-чарада энелер өлүмүнүн өсүшү белгиленди. Былтыр 48 учур катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 35,4 %га жогору болгон. Министрдин айтымында, эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч.

Кененирээк

Кыргызстанда жашы жете электерге паспорт берүү тартибин өзгөртүү пландалууда

Учурда балага өздүк документ алуу үчүн атасынын дагы, апасынын дагы уруксаты талап кылынат. Мындай шартта ата-эненин бири өлкөдө жок болсо, же башка бир себептерден улам байланышка чыкпаса — кыйынчылыктар жаралып келген. Бул билим берүүгө, медицинага мүмкүнчүлүктү чектеп, ар кандай кызматтарга жана иш-чараларга барууга тоскоолдук жаратууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору бир эле ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн…

Кененирээк

Депутаттарга жаңы кызматтык унаалар берилди

28-январда Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы кызматтык унаалар берилгени белгилүү болду. Жаңы унаалар парламент имаратынын унаа токтотуучу жайына токтотулган. 2025-жылдын апрель айында парламенттин депутаттары кытайлык Li Xiang L7 (70 унаа) жана L9 (20 унаа) компанияларынан орто көлөмдөгү люкс кроссоверлерди сатып алары жана алар комитет төрагалары менен фракция лидерлерине бөлүштүрүлөрү кабарланган. Ошол учурда Президенттин мүлкүн башкаруучусу Каныбек…

Кененирээк