Нарын облусунда 13-16-февраль күндөрү кышкы фестивалдар болот. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады.
Нарын районунун Салкын-Төр эс алуу жайында 13-февралда “Бозо фестивалы” өтөт.
Кочкор районунун Чолпон айылында 14-февралда “Ара-Көл” фестивалы болот.
Ал эми Ат-Башы районунда 15-февралда “Кел-Суу керемети” фестивалын өткөрүү пландалган.
Жергиликтүү бийлик бардык жарандарга эшик ачык экенин кабарлады.
