Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди.
Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат:
- эмерекке — 48 млн сом
- компьютерлерге — 47 млн сомдон ашык
- чарбалык муктаждыктарга — 175 млн сом
- жаңы окуу китептерине — 815 млн сом
2026-жылга республикалык бюджетте дагы 1 млрд 66 млн сом каралган.
Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасына 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары өткөн.
