Күйүүчү майдын эмне себептен арзандап жатканы белгилүү болду

Кыргызстан Россиядан бензин жана дизелдик отунду толугу менен бажы төлөмүсүз алып жатат. Бул тууралуу Мунай трейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов «Кабар» агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда ички рынокто былтыртан калган күйүүчү май сатылууда, ал эми быйылкы жылга карата баалар жаңыдан калыптанууда. Россиядан күйүүчү-майлоочу материалдар жеңилдетилген шартта жеткирилүүдө. Индикативдик баланс өткөн жылдын деңгээлинде бекитилген, бирок зарылчылык…

Кененирээк

Чет өлкөлөрдөн акча которуулардын басымдуу бөлүгү Россиядан келген

2025-жылдын 11 айында Кыргызстанга 3,2 млрд доллардан ашык акча которуу түшкөн. Нацбанктын маалыматына ылайык, бир гана ноябрь айында өлкөгө дээрлик 265 млн доллар келип түшкөн. Негизги булак — Орусия: дээрлик 3 млрд доллар, башкача айтканда жалпы түшүүлөрдүн 93%га жакыны. Эң жогорку көрсөткүч август жана октябрда болуп, ай сайын дээрлик 320 млн долларга жеткен. Ушул эле…

Кененирээк

Араван районунда 105 МВттык күн электр станциясы курулат

Оштун Араван районуна караштуу Сары-Таш айылында кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. 21-январда облус башчысы Аманкан Кенжебаев станция курула турган 200 гектар жер аянты менен таанышты. Долбоор чет элдик инвесторлордун каражаты менен ишке ашат, инвестициянын жалпы көлөмү — 65 млн доллар. Курулуш эки этапта жүрөт: жазында биринчи этап башталып, 15 МВттан жогору…

Кененирээк

Ошто текшерүүдөн кийин отуздан ашуун күрөөкана жабылды

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Рейддин алкагында өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды. Андан тышкары, 30дан ашык күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды.

Кененирээк

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысы өзгөрүшү мүмкүн

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлыгын жогорулатуу маселеси курч. Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн, — деди Жунушалиев.

Кененирээк