Түнкүсүн жана парктарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште спирт ичимдиктерин сатууну катаалдаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — алкоголду керектөөнү азайтуу, улуттун саламаттыгын коргоо жана кылмыштуулукту кыскартуу. Дүкөндөрдө саат 23:00дөн 08:00гө чейин алкоголдук продукцияны чекене сатууга тыюу салуу сунушталууда. Бул чектөө кафе, бар, ресторандарга жана өлкөдөн чыгып бараткан жарандар үчүн Duty Free дүкөндөрүнө тиешелүү болбойт. Мындан тышкары, борбордук аянттарда…

Кененирээк

Акын Омор Сооронов 86 жашында дүйнөдөн кайтты

21-январда маданиятка эмгек сиңирген ишмер, адабиятчы Омор Сооронов 86 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Омор Сооронов акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. III даражадагы «Манас»орденинин ээси. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ардактуу профессору.Сооронов 8 поэтикалык жыйнактын автору….

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге электрондук билерик тагылды

Юстиция министри Аяз Баетов долбоор Октябрь районунда сыналып жатканын, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн 3 айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагыларын белгиледи. Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Министр кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтыларын кошумчалады.

Кененирээк

Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 147 өлкөнүн ичинен 117-орунду ээледи

Microsoft компаниясынын ЖИ экономикасы институтунун отчетуна ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эмгекке жарамдуу кыргызстандыктардын сегиз пайыздан бир аз ашыгы гана ишинде нейротармактарды колдонушат. Бул көрсөткүчтү Кения, Камерун жана Борбордук Африка Республикасы менен салыштырууга болот. Рейтингдин жогорку саптарында Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур жана Норвегия орун алып, бул өлкөлөрдө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли 45 пайыздан 64 пайызга…

Кененирээк

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 12 пайызга өстү

2025-жылы Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода көлөмү 12 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу КЭРдин Соода министрлигине таянып «Синьхуа» агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, Кытай менен аймактагы мамлекеттердин экономикалык жана соода кызматташтыгы олуттуу жылыш көрсөтүп, товар жүгүртүүнүн көлөмү 106,3 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 12 пайызга жогору. Соода көлөмү тарыхта биринчи жолу 100 миллиард доллардан…

Кененирээк

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, 100 орундуу. Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 миллион сомду түздү. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4…

Кененирээк

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо үчүн «Экспертиза» системасы ишке кирди

Айыл чарба министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент АИС «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке киргизгенин билдирди. Максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана адам факторун кыскартуу. Эми жеке жана юридикалык жактар үрөндүк материалды сертификаттоо үчүн талаа инспекциясына, лабораториялык анализдерге жана жаңы сортторду сорт сыноодон өткөрүүгө онлайн арыз тапшыра алышат. Аймактык мекемелерге барып,…

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк

Жогорку Кеңеш биринчи окууда жаңылануучу энергетика секторуна аукциондорду киргизүүнү талкуулады

Жогорку Кеңеш «Жаңылануучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады. Эксперт Кундуз Карбышеванын айтымында, бул сунуштар «жашыл» энергетиканы атаандаштык негизде жана системалуу өнүктүрүүгө багытталган. Негизги жаңылык — аукциондук системага өтүү: алдын ала тариф коюунун ордуна ЖЭБ долбоорлорун ишке ашыруу укугун электр энергиясына эң төмөн бааны сунуштаган инвесторлор алышат. Ошондой эле мыйзамдан 1,3…

Кененирээк