Жогорку Кеңеште спирт ичимдиктерин сатууну катаалдаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — алкоголду керектөөнү азайтуу, улуттун саламаттыгын коргоо жана кылмыштуулукту кыскартуу.
Дүкөндөрдө саат 23:00дөн 08:00гө чейин алкоголдук продукцияны чекене сатууга тыюу салуу сунушталууда. Бул чектөө кафе, бар, ресторандарга жана өлкөдөн чыгып бараткан жарандар үчүн Duty Free дүкөндөрүнө тиешелүү болбойт.
Мындан тышкары, борбордук аянттарда жана эс алуу жайларында ичимдик сатууга тыюу киргизүү каралууда: парктар, бакчалар, гүлбактар, пляждар жана көңүл ачуучу комплекстер, ошондой эле алардын чегинен 100 метр радиуста. Негиздемеде 75%га жакын үй-бүлөлүк зомбулук мас абалда болору жана 2024-жылдын башынан бери 3,7 миңден ашык мас айдоочу аныкталганы айтылат.
