21-январда маданиятка эмгек сиңирген ишмер, адабиятчы Омор Сооронов 86 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Омор Сооронов акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
III даражадагы «Манас»орденинин ээси. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ардактуу профессору.Сооронов 8 поэтикалык жыйнактын автору. Ал адабият таануу илиминде көп эмгектенген, унутта калган акын, жазуучулардын, тарыхчылардын, искусство адамдарынын чыгармаларын, эмгектерин иликтеп, араб, латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп жарыялоодо зор кызмат көрсөтүп келген.
