Үй-бүлөлүк иш чараларда «кийит кийгизүү», «түштөнтүү» сыяктуу салттарга тыюу салынат
Үйлөнүү тоюнда коноктун саны 200дөн ашпашы керек. Минкаб үй-бүлөлүк иш чараларды өткөрүү боюнча жобо даярдады. Документ коомдук талкууга чыгарылып, анда жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. Эске ала турган жагдайлар: Салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же кредит алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө…
