Трамптын рейтинги кайрадан Ак үйгө келгенден бери эң төмөн чекке түштү

АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын колдогон америкалыктардын үлүшү 38%га чейин төмөндөдү. Мындай жыйынтыкты Reuters жана Ipsos жүргүзгөн акыркы сурамжылоо көрсөттү. Бул — анын 2025-жылдын январында Ак үйгө кайтып келгенден берки эң начар көрсөткүчү. Январдын ортосунда Трампты колдогондордун деңгээли 41% болчу. Кыска убакытта рейтингдин төмөндөшү коомчулукта президенттин айрым чечимдерине нааразычылык күчөгөнүн айгинелейт. Сурамжылоого ылайык, негизги нааразычылык…

Кененирээк

ММК фондуна карата бюджет мыйзамы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2026-жылга карата негизги көрсөткүчтөр: Фонддун бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Соцфонддон түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

Кененирээк

Автомектепте окутуунун баасы 19 миң сом болот

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун баасы 100-200 миң сом болот деген кептерди четке какты. Анын айтымында, окутуунун баасы 19 миң сом болуп расмий бекитилди. «Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы…

Кененирээк

Былтыр Кыргызстанда сегиз чакан ГЭС ишке берилди

Былтыр Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44 МВттан ашык сегиз чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар чакан ГЭСтерин куруу иштерин активдүү уланууда. Бул объекттер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

Кененирээк

Автомектептерди мамлекетке өткөрүү тууралуу президент түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, жеке автомектептердин көбү айдоочуларды сапаттуу окутпай, акча табууга гана кызыкдар болгон. Айдоочулук күбөлүктөр экзаменсиз, пара аркылуу алынган учурлар көп катталган. Натыйжада жол кырсыктары көбөйүп, Кыргызстанда жылына 900дөн ашык адам жол кырсыгынан каза болууда….

Кененирээк

Зомбулукка туш болгондор чала турган ыкчам байланыш линиясы ишке кирди

Эми үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган кыз-келиндер 5200 кыска номерине чалса болорун Эмгек министрлиги билдирди. Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет. Ыкчам байланыш апта боюу суткасына 24 саат Кыргызстандагы бардык мобилдик операторлор үчүн жеткиликтүү.Көрсөтүлгөн номерге чалган ар бир жаранга психологиялык колдоо,…

Кененирээк

Садыр Жапаровдун президенттик кызматынын бешинчи жылы сүрөттөрдө

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президент кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Садыр Жапаровдун 2025-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштады. Бул сүрөттөрдүн көбү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.

Кененирээк

Кыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев Жогорку Кеңеште КМШ өлкөлөрүндөгү эттин баалары боюнча салыштырма талдоо сунуштады. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 кг уй эти (сөөгү менен) орто эсеп менен 680 сом турат — бул эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Салыштыруу үчүн, Казакстанда баа 650 сом деңгээлинде. Башка өлкөлөрдө баалар жогору: Тажикстан — 1 150…

Кененирээк

Ысык-Көл жана Орто-Токойдо канаттуулар кышкы эсепке алынды

Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы сууга жакын жана сууда сүзүүчү канаттууларды кышкы эсепке алуу иштери жүргүзүлдү. Санакты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги УИАнын Биология институту жана Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы менен биргеликте өткөрдү. Канаттуулар жыл сайын кыш, жаз жана күз мезгилдеринде экодемографиялык мониторингден өтөт. Адистердин айтымында, бул изилдөө Борбор Азиядагы маанилүү миграциялык каттам…

Кененирээк