Муфтият орозо айы качан башталарын кабарлады

2026-жылы ыйык Орозо айы алдын ала маалыматтар боюнча 18-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 17-мартка караган түнү Кадыр түн болушу күтүлөт. Кадыр түн Орозо айынын 27-түндө болот.Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Орозо айт болжолдуу түрдө 20-мартка белгиленген. Бул күнү мусулмандар майрамдык Айт намазын окушат. Тактап кетсек,…

Кененирээк

“Газпром Кыргызстан” декабрда газга көп акча чыкканынын себебин түшүндүрдү

Ишкана октябрь жана ноябрь айларында айрым газ эсептегичтер көрсөткүчтөрдү туура эмес жибергенин билдирди. Жылдын акырында мурда топтолуп калган көрсөткүчтөр, анын ичинде үзгүлтүк болгон мезгилдеги маалыматтар алынган. Натыйжада декабрь айындагы дүмүрчөктөрдө айрым абоненттер үчүн төлөм суммасы күтүлгөндөн жогору чыгып келген. Анда дээрлик эки ай ичиндеги керектөө кошулуп жазылган. Компания ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады. “Газпром Кыргызстан” газ…

Кененирээк

«Кыргызфильм» тасмаларын уруксатсыз колдонгондорго эскертүү берди

«Кыргызфильм» киностудиясы өзүнө таандык тасмаларды уруксатсыз колдонууга жол берилбей турганын билдирди. Келишим түзбөй туруп тасмаларды кайра өндүрүүгө, көрсөтүүгө, эфирге чыгарууга жана интернетте же социалдык тармактарда жайылтууга тыюу салынат. Киностудия медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укукту сактоого чакырып, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Кененирээк

Дүйнөлүк банк: 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзөт

Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын улук экономисти Бакыт Дубашов билдирди. Анын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички экономиканы стимулдаштыруу болот. Айрыкча, жеке керектөөнүн көбөйүшү, инвестициялардын өсүшү жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши күтүлүүдө. «Биздин божомолдор экономикалык активдүүлүк негизинен ички факторлор аркылуу колдоого…

Кененирээк

Түштүк Кореяда экс-президентке өлүм жазасы суралды

Түштүк Кореянын прокуратурасы мурдагы президент Юн Сок Ёлго өлүм жазасын берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.  Айыптоо тарабынын маалыматына караганда, Юн Сок Ёл өткөн жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп күнөөлөнүүдө. Прокуратура бул ишти конституциялык түзүлүшкө түз коркунуч келтирген оор кылмыш катары баалоодо.

Кененирээк

2025-жылы Ош-Бишкек жолундагы бекеттерден 300 миллион сом чогулду

2025-жылы Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” бекеттеринен 300 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги кабарлады. 2025-жылы Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” бекеттеринен 300 миллион сом чогулду. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 35.5 пайызга көп экенин Унаа жана жолдор министрлиги билдирди. Аталган посттордо коррупциянын алдын алуу жана адам факторун жокко чыгаруу максатында накталай эмес,…

Кененирээк

Кыргызстанда алтындын баасы рекорддук чекке жетти

Өлкөдө алтындын баасы рекорддук чекке жетти.Бул тууралуу улуттук банктын маалыматында айтылат. 2026-жылдын 13-январында Кыргызстанда алтынды кайра сатып алуу баасы тарыхый эң жогорку көрсөткүчкө жеткени маалым болду. Бүгүн банк калктан бир троя унциясын 405 541 сомдон сатып алууга даяр. Бул 12-январдагы 395 096,5 сомго салыштырмалуу 10 444,5 сомго көп. Мурунку рекорд 2025-жылдын 26-декабрында катталып, 394 400…

Кененирээк

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүн бүтүрүп чыккан балдар үйлүү болушат

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүн бүтүрүп чыккан балдар үйлүү болушат.Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга…

Кененирээк