Сокулукта сафлор майы өндүрүлө баштады

Сокулук районунда мамлекеттик асыл тукум заводунун базасында сафлор майын өндүрүү ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады. Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу максырды (сафлорду) өстүрүү жана кайра иштетүү долбоорун ишке ашыра баштады. Ишкананын базасында өсүмдүк майын жана жогорку сапаттагы тоют күнжарасын чыгаруучу жаңы цех ачылды. Долбоор кайра…

Кененирээк

Кыргызстан футбол союзу менен Сауд Арабиянын футбол федерациясы келишим түздү

Кыргызстандын футбол союзу менен Сауд Арабиянын футбол федерациясы футболду өнүктүрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу максатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Келишимге ылайык, 2026-2027-жылдары эки өлкөнүн кыз-келиндер жана жаштар курама командаларынын жолдоштук беттештерин өткөрүү пландалган.

Кененирээк

Ош шаарында бир нече көчө жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында төрт көчө пайдаланууга берилди. Алар Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү. Аталган көчөлөрдө унаа кыймылы көп болгондуктан бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев буга чейинки рейддик кыдырууларында маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген. Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа…

Кененирээк

Ысык-Көлдө жергиликтүү чиркөөгө уурулукка киргендер кармалды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында эки жаш жигит жергиликтүү чиркөөгө уурулукка кирген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүүлөр чиркөөдөгү жаңы жылдык балатыны өрттөп, дүкөндөн 10 жаңы жылдык белек баштыгын, эки күмүш чынжырчаны, беш-алты күмүш шакекти жана 15ке жакын күмүш кресттерди уурдап кетишкен. Алар ошондой эле Wi-Fi роутерин алып, эки…

Кененирээк

Садыр Жапаров өлкө православдарын Рождество майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы майрам ырайымдуулук, жакынга болгон сүйүү, боорукерлик жана жакшылыкка ишеним сыяктуу түбөлүктүү руханий баалуулуктардын чагылдырарын белгилеген. Ал кылымдар бою адеп-ахлактык жаңылануунун булагы болуп, адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана өз ара сый-урматка умтулуусун бекемдеп келерин айткан. “Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы…

Кененирээк

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Иранга барбай турууну сунуштады

Мекеме акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканын айтып, алардан жабыркаган кыргыз жарандары жок экенин билдирген. Иран аймагында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын сактоо, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталган. Өзгөчө кырдаалдар учурунда Тегерандагы элчиликке кайрылуу керек экенин айтышты. Ыкчам байланыш номерлери: +989352505226, +989352505229.

Кененирээк

Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда

Быйылкы жылы айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Министрликтен маалым болгондой, бул багыттагы инвестициянын көлөмү 9 млрд сомдон ашат деп эсептелүүдө. Ал эми 2030-жылга чейин 385 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү мерчемделип жатат. Бул кайра иштетүүнүн…

Кененирээк

БШК №13 округдагы шайлоочулардын тизмесин жарыялады

БШК №13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. «Тизме» порталында 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү. Шайлоочулардын тизмеси 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участогуна илинет. Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин 1255 же 119 кыска номерлерине чалып же шайлоо участогунан же «tizme.gov.kg»…

Кененирээк