Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында эки жаш жигит жергиликтүү чиркөөгө уурулукка кирген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүүлөр чиркөөдөгү жаңы жылдык балатыны өрттөп, дүкөндөн 10 жаңы жылдык белек баштыгын, эки күмүш чынжырчаны, беш-алты күмүш шакекти жана 15ке жакын күмүш кресттерди уурдап кетишкен.

Алар ошондой эле Wi-Fi роутерин алып, эки кайрымдуулук кутучасын талкалашкан. Шектүү катары мурда соттолгон 22 жаштагы В.А. жана 15 жаштагы Н.А кармалган. Аларга «Уурдоо» беренеси боюнча иш козголду.
