Ош шаарында бир нече көчө жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында төрт көчө пайдаланууга берилди. Алар Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү.

Аталган көчөлөрдө унаа кыймылы көп болгондуктан бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев буга чейинки рейддик кыдырууларында маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген.

Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа кыймылына старт берди.

Аймактын жашоочулары жолдордун жаңыланып, кеңейтилип оңдолушун кубануу менен кабыл алышты. Бул маселени чечүүгө шаардык кеңештин депутаттары да өз салымдарын кошкон.

Жалпы жолдун узундугу 1200,0 метрди түзөт, жөө жүргүнчүлөр үчүн 2400метр болгон өзүнчө эки тараптуу тратуарлар каралган.

Жол мурдагы калыбынан 10-12метрге чейин кеңейтилген жана ирригациялык арык казылган. Аткарылган иштер жергиликтүү казынадан каржыланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *