Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу станциялар курулууда
Станциялар былтыркы жылдын июль айында курула баштаган. Долбоорду жергиликтүү жана кытайлык компаниялар биргеликте ишке ашырууда. Системанын кубаттуулугу суткасына 14 миң кубометрден ашык агын сууну тазалоого жетет. Аны 2027-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган. Станциялар ишке берилгенден кийин Чолпон-Ата шаары, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдары борбордук канализацияга толук туташат. Учурда Чолпон-Атанын 30-40% гана канализация тутумуна кошулган.
