Станциялар былтыркы жылдын июль айында курула баштаган. Долбоорду жергиликтүү жана кытайлык компаниялар биргеликте ишке ашырууда.
Системанын кубаттуулугу суткасына 14 миң кубометрден ашык агын сууну тазалоого жетет. Аны 2027-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган.

Станциялар ишке берилгенден кийин Чолпон-Ата шаары, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдары борбордук канализацияга толук туташат.
Учурда Чолпон-Атанын 30-40% гана канализация тутумуна кошулган.
