Ички иштер министрлиги жаңы жылдык эс алуу убагында батир уурулугунан сак болууга чакырат

Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат.

Батир уурулугунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

  • Эс алууга кетээрден мурун кире бериш эшиктердин жана терезелердин бекем жабылганын текшериңиз, мүмкүн болсо кошумча кулпуларды орнотуңуз;
  • Ачкычтарды почта кутусунда, килемченин алдында же башка оңой жеткиликтүү жерлерде калтырбаңыз;
  • Мүмкүнчүлүк болсо, күзөт сигнализациясын жана видеобайкоо системаларын орнотуңуз;
  • Коңшулардан же туугандардан батирди мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп турууну өтүнүңүз;
  • Социалдык тармактарда кетип жатканыңыз жана эс алып жаткан жериңиз тууралуу маалыматтарды алдын ала жарыялабоого аракет кылыңыз;

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *