«Нестле» балдар азыгынын дистрибьютору айрым партияларын чакыртып алууда

«Нестле» балдар тамак-ашынын дистрибьютору азыктарынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда. Бул боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине билдирүү келип түшкөн.


Агенттик «Форестер» ЖЧКсынан «NAN 1 OPTIPRO», «NAN OPTIPRO 2», «NAN EXPERTPRO», «NAN 2 OPTIPRO», «PRENAN» жана «NAN LACTOSE» бренддери менен тез даярдалган сүт, кычкыл сүт жана лактозасыз кургак формулаларды өз ыктыяры менен чакыртып алуу боюнча билдирүү алгандыгын билдирди.


«Кайра чакыртып алуу профилактикалык мүнөзгө ээ жана чийки затта цереулид токсининин потенциалдуу коркунучунан улам «Нестле» балдар тамак-ашынын айрым партияларын ыктыярдуу чакыртып алууга мажбур жана расмий дистрибьютор бул партияларды Кыргызстандын соода түйүндөрүнөн чыгара баштады», — деп айтылат маалыматта.

Агенттик керектөөчүлөргө ымыркайлардын тез даярдалуучу азыктарынын атын жана чыгарылган күнүн текшерүүнү сунуштайт. Эгерде продукт кайра чакыртылган партияларга дал келсе, аны колдонууну токтотуп, кайра кайтаруу үчүн ыйгарым укуктуу дистрибьютор менен байланышуусу керек.

Цереулид — бул жогорку температурага туруктуу “Bacillus cereus” бактериясынын айрым штаммдары тарабынан өндүрүлгөн токсин. Мүмкүн болгон симптомдор-тамак-аштан ууланууга окшош кусуу жана диареяны же уй сүтүнүн белокторуна аллергиялык реакцияны камтыйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *