2026-жылдын 7-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы «Ак-Тилек» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» Россия Федерациясына таандык 44,2 тонна картошка Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Мындай мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайыминистрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде табылган.
Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.
