Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин айтты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин билдирди. Ал жолдошу экөөнүн видеосун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Кыргызстандан сырта ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Салык кызматы чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткандар 1-февралга чейин 0,1 пайыздык салыкка өтүү тууралуу арыз тапшыруусу керектигин кабарлады.

Кененирээк