The New York Times 2026-жылы саякаттоого сунушталган багыттардын тизмесине Тянь-Шань тоолорун киргизди

Басылма Теңир-Тоо аркылуу Кыргызстандын чыгышынан батышына чейин өткөн 1 243 чакырымдык маршрутту сунуштап, Борбор Азиядагы жөө саякаттаганга эң ыңгайлуу маршруттардын бири деп атады. Негизги көрө турган жайларга Кел-Суу, Таш-Рабат жана Саймалуу-Таш кирген. Редакторлор аймакты июнь-сентябрь айларында кыдырууну сунушташкан. Бул мезгилде ашуулар ачык болуп, бийик тоолуу көлдөрдү муз каптай элек болот. 2026-жылы Борбор Азиядан бул тизмеге…

Кененирээк

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң катуу булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу абанын сапатын эл аралык мониторинг жүргүзгөн уюмдардын маалыматы тастыктайт. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын борбору учурда абанын сапатынын индекси (AQI) боюнча 281 балл менен үчүнчү орунда турат. Бул көрсөткүч «ден соолукка өтө зыяндуу» категориясына туура келет. Антирейтингдин биринчи сабында Пакистандын Лахор шаары жайгашып,…

Кененирээк

Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду. Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады. Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. Бул жол кырсыктарынын алдын алууга…

Кененирээк

«Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектинин буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча жолгушуу өттү

2026-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Аскаралы Мадаминов ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектиси боюнча иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасына келген эл аралык эксперттер тобу менен жолугушту. Эл аралык эксперттердин визити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы №…

Кененирээк

Мамдума Орусияда миграциялык эрежелердин катаалдаштырылганын жарыялады

2026-жылдын 8-январында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин чет элдик жарандардын жана эмгек мигранттарынын өлкөдө болушун жөнгө салуучу эрежелерди катаалдаштыруучу мыйзам чыгаруу демилгелеринин пакетин жарыялады. Негизги өзгөртүү милдеттүү медициналык процедуралардын мөөнөтүн белгилөөгө байланыштуу. Орусиянын мыйзам чыгаруучулары медициналык кароодон өтүү үчүн талап кылынган убакытты азыркы 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну сунушташууда. Бул талап Россия Федерациясына…

Кененирээк

Курулуш министрлиги «Алтай» шаарчасынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында маалымат таратты.Эске салсак, интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган. Буга жооп кылган министрлик аталган объект…

Кененирээк

Ошто жаңы күнөскананын курулуш иштери аяктоодо

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген. Жаңы күнөскана заман талабына ылайык акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана…

Кененирээк

Мургабда жер титиреп, Кыргызстандын аймагында да сезилди

Билдирмелерге караганда, жер титирөө түнкү саат 3:14 чамаларында болгон. Очогу Мургабда жайгашып, магнитудасы 5,5ке жеткен. Кыргызстандын түштүгүндө ал 3 балл болуп сезилген.

Кененирээк