Соцфонд топтомо пенсияны кайсы учурларда алууга болорун түшүндүрдү

Социалдык фонд жарандар топтомо пенсиялык каражаттарын төмөнкү учурларда пайдалана аларын билдирди: Пенсия алып жаткан же алууга укуктуу жарандарга жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтомолор төлөнөт. Кыргызстандан тышкары туруктуу жашоого чыккан жарандар пенсиялык топтоолорун ала алышат. Каза болгон камсыздандырылган жарандын пенсиялык топтомолору мураскорлоруна берилет. Аскер кызматкерлери 63 жашка жетип, мурда жарандык тармакта иштеп Соцфондго төгүм төлөгөндөр каражат ала…

Кененирээк

Экономика министрлиги тигүү тармагын колдоо чараларын иштеп чыга баштады

Экономика жана коммерция министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларын ишке ашырууга киришти. Бул иштер «Ынтымак Ордо» резиденциясында жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен өткөн кеңейтилген жолугушуудан кийин башталды. Жыйынга ишкерлер, жүн иштетүүчүлөр, Wildberries өкүлдөрү, логистикалык компаниялар жана тармактык мамлекеттик органдар катышкан. Президент тигүү тармагы калкты массалык түрдө жумуш менен камсыздап, экспорттун өсүшүнө шарт…

Кененирээк

Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга миграциялык талаптарды эскертти. Сапарга чыгар алдында migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесин текшерүү сунушталат. Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү керек. Ошондой эле 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери…

Кененирээк

Россия Донбасты толугу менен талап кылууда

Орусия Украина жана АКШ менен БАЭде өтүп жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Донбасстын бүт аймагын берүүнү кайрадан талап кылууда. Бул тууралуу Reuters Кремлге жакын булакка таянып жазды. Москва Донбасска кирген, бирок төрт жылга жакын согушта басып ала албаган аймактарды да өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылууда. Булактын айтымында, орус тарап «Анкоридж формуласы» деп аталган схеманы жылдырууда. Кремль…

Кененирээк

Трамп АКШны ДСУдан чыгарды, бирок $260 млн карызын төлөгөн жок

АКШ 22-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ / ВОЗ) расмий түрдө чыгып кетти. Бул тууралуу АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги билдирди. Вашингтон уюмду каржылоону толук токтотуп, бардык кеңселерден жана штаб-квартирадан америкалык кызматкерлерин чакыртып алды. Bloomberg маалымдагандай, АКШ ДСУ алдындагы $260 млн карызын төлөбөй кеткен. Дональд Трамп ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка экинчи президенттик мөөнөтүнүн…

Кененирээк

Өлкөдө мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл…

Кененирээк

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-январда, өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба…

Кененирээк