Бишкектеги Карылар үйүндө чыккан өрттөн 2 киши каза тапты
Бишкекте Карылар үйүндө өрт чыкканын, ушу тапта өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүп жатканын 6-январда кечки саат 19:40 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эки кишинин өмүрү кыйылды, 15 киши эвакуацияланды. Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт күжүрмөн эсеп жана…
