Алай райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди

Ачылыш аземине катышкан башкы прокурор Максат Асаналиев мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем берээрин баса белгиледи. Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер…

Кененирээк

Алкоголдук жана чылым продукцияларын экспорттоодо навигациялык пломбалар колдонулат

Кыргызстанда 11-февралдан тарта алкоголдук, чылым продукциясын экспорттоодо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, товарды мындай ыкма менен көзөмөлдөө анын унаа жана темир жол аркылуу жүрүүсүндө колдонулат. Максаты — декларацияланган товардын сакталышын камсыздоо болуп саналат. Бул чек арадан өтүү процессин тездетип, бизнеске жүктү жеңилдетет.

Кененирээк

Бишкекте коопсуздук курун тагынбагандарды каттаган камералар орнотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, эми Чыңгыз Айтматов проспектиси толугу менен көзөмөлгө алынат. Ошондой эле Ахунбаев — Токтоналиев жана Махатма Ганди — Баялинов көчөлөрүнүн кесилиштерине камералар орнотулду. Аппараттык-программалык комплекстер коопсуздук курун тагынбагандарды, каршы тилкеге чыккандарды, ылдамдыкты ашыргандарды жана жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кеткендерди каттайт.

Кененирээк

2030-жылга карата жасалма интеллект адамзаттан алда канча акылдуу болуп калат

Бул тууралуу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Анын айтымында, ошол убакка чейин дүйнөдө миллиарддаган адам сымал роботтор пайда болуп, алардын аркасында товарлар менен кызматтардын молчулугу түзүлөт. Маск роботтордун саны адамдардан да көп болоруна жана ар бир адам өзүнө ушундай андроид сатып ала аларына ишенет. Ишкердин айтымында, окуя ийгиликтүү өнүксө,…

Кененирээк

Бишкекте батирлердин баасы декабрь айында 18,4% кымбаттады

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебековдун айтымында, былтыр орточо эсеп менен батирлердин баасы 23,8% жогорулаган. Январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду (1170$), ал эми декабрда 126,3 миң сомду (1440$) түзгөн. “I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4%ды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин…

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды 

Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планына ылайык, JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа сатып алынган.Жалпы…

Кененирээк

Казакстан жана Армения Трамптын «Тынчтык кеңешине» $1 млрд төлөбөстөн кошулду

Казакстан «Тынчтык кеңешине» $1 млрд өлчөмүндөгү мүчөлүк төлөмсүз кирди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы билдирди.  Армения да кеңешке каржылык салым кошпой мүчө болду. Өлкөнүн ТИМинин басма сөз катчысы Ани Бадаляндын айтымында, кеңештин уставы ыктыярдуу негизде мүчөлүктү карайт.  Маалыматка ылайык, «Тынчтык кеңешине» кошулуу үчүн бардык өлкөлөрдөн бирдей каржылык талап коюлбайт. Ар бир мамлекет…

Кененирээк

Кыргызстанда фермерлерге 6% менен айыл чарба техникаларын лизингге берүү уланууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдагандай, долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта берилет. Былтыр фермерлерге жалпы суммасы дээрлик 10 млрд сомдук 2 миң 800дөн ашык техники берилди.

Кененирээк

29-январдан тарта “Бейиш 2: Апама кат” тасмасы прокатка чыгат

Ага белгилүү россиялык актерлор Станислав Бондаренко, Алексей Щербаков, Павел Майков жана башкалар тартылган. Тасма КМШ өлкөлөрүндө дагы көрсөтүлөт.

Кененирээк

Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери тендердик сумманын 10%ын системалуу түрдө опузалап алышканы аныкталган. Алар тоскоолдук жаратып, аткарылган иштер үчүн төлөмдөрдү кечеңдетип турушкан. Кызматкер А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси…

Кененирээк