Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебековдун айтымында, былтыр орточо эсеп менен батирлердин баасы 23,8% жогорулаган. Январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду (1170$), ал эми декабрда 126,3 миң сомду (1440$) түзгөн.
“I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4%ды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин төмөндөп, май айында кайрадан 1,7%га жетти. Сентябрда 11,8%дык кескин кымбаттоо болду. Бирок бул сезондук фактор. Октябрда баалар 9,5%га төмөндөп, декабрда кайрадан 18,4%га секирик жасады. Жыл ичинде баа улам өзгөрүп турса да туруктуу өсүш тенденциясы бар”, — деген ал “Биринчи радионун” эфиринде.
Ошондой эле жер тамдын баасында да олуттуу өсүш байкалган. Мурдагы жылы 1 чарчы метринин баасы орточо 1396 долларды түзсө, былтыр бул көрсөткүч 1770 долларга жеткен.
Буга чейин аталган агенттиктин дагы бир адиси ушул жылдын II кварталында турак жайдын баасы төмөндөшү мүмкүн деген божомолду айткан.
