2030-жылга карата жасалма интеллект адамзаттан алда канча акылдуу болуп калат

Бул тууралуу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Анын айтымында, ошол убакка чейин дүйнөдө миллиарддаган адам сымал роботтор пайда болуп, алардын аркасында товарлар менен кызматтардын молчулугу түзүлөт.

Маск роботтордун саны адамдардан да көп болоруна жана ар бир адам өзүнө ушундай андроид сатып ала аларына ишенет.

Ишкердин айтымында, окуя ийгиликтүү өнүксө, роботтор жана жасалма интеллект балдарды, ата-энелерди жана үй жаныбарларын карап туруу сыяктуу адамдардын күнүмдүк иштерин аткара алат.

“Терминатор” тасмасындагыдай болбошу үчүн адамзат жасалма интеллект менен абайлап иштеши керек”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *