Орусиянын «көзөмөл реестрине» кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат.

Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *