Нурбек Валижонов чемпиондук наам үчүн рингге чыгат
Рекорду 5–0 болгон кыргызстандык боксчу Нурбек Валижонов карьерасындагы эң маанилүү беттештердин бирин өткөрөт. 29-январда ал Бангкок шаарында (Таиланд) профессионалдык бокс кечесинин алкагында Asian Boxing Federation уюмунун чемпиондук куру үчүн рингге чыгат. Валижоновдун атаандашы таиланддык мушкер Юттана Вонгда болот. Беттеш 102 кг чейинки аралык салмак категориясында өтүп, 10 раундга эсептелет.
