2025-жылы Россия Кыргызстандан товар сатып алган эң ири өлкө болду

2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясы Кыргызстандан товар сатып алган эң ири рынок болуп чыкты. Экспорттун жалпы көлөмү 536,3 млн АКШ долларын түздү. Андан кийинки орундарда: Швейцария — 438,2 млн доллар. Казакстан — 357,7 млн доллар. Бул мезгилде Кыргызстандын тышкы соодасынын жалпы көлөмү 2,4 млрд долларга жетти. Негизги соода өнөктөштөрү катары Евразия экономикалык биримдигине…

Кененирээк

Кыргызстанда блогерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору жазылат

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев «Акипресске» курган маегинде, бир катар министрликтин адистери долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Ал блогердин медиага тиешеси жок экенин белгилеп, бирок алардын катталуучусу көп болгондуктан, маалымат таратууда жоопкерчиликти сезиши керек деди. Министр катталуучусу көп айрым блогерлер жарнама аркылуу ишкердик жүргүзүп жатканын белгилеп, бул багытта бардык тараптарга ылайыктуу чечим табуу керектигин кошумчалады. Мыйзам…

Кененирээк

Токаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери спорттун кайсы түрлөрү менен алектенерин ачыктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Түркстан» гезитине берген маегинде КМШдагы кесиптештеринин физикалык активдүүлүгү тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Анын айтымында, Орусиянын лидери Владимир Путин жакында Бишкекте өткөн бейформал иш-чарада жаш дзюдочу менен болгон беттеште өзүнүн күчүн көрсөтүп, физикалык туруктуулугун көрсөткөн. Азербайжандын президенти Илхам Алиев такай машыкса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол ойнойт. Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев машыгуу…

Кененирээк

Кыргызстанда жумушсуздардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдагы маалыматында өлкөдө катталган жумушсуздардын 46,3 пайызы аялдар. Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санына карата катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2025-жылы жумуш издеп 58,6 миң адам кайрылган. Анын ичинен 39,8 миң адам жумушсуз катары каттоого алынган. Ушу тапта жумушсуздардын саны жагынан Жалал-Абад (10 376) жана…

Кененирээк

Айыл жерлерине да заманбап шарттары менен ипотекалык үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-январда «Кабар» улуттук агенттигине маек берип мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы тууралуу түшүндүрдү. “МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай…

Кененирээк

Садыр Жапаров тууралуу “Президент” деген даректүү тасма тартылды

Садыр Жапаров тууралуу “Президент” деген даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу журналист жана кинорежиссер Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.Анын айтымында, анда президент Садыр Жапаров акыркы 4-5 жылдагы орчундуу саясий окуяларга кеңири токтолуп, буга чейин коомчулукка айтылбаган маалыматтар менен бөлүшөт. Ал ошондой эле тасмада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу да ачык айткан кадрлары бар экенин кошумчалады.Маалыматка…

Кененирээк

Жарандардын 88%ы Кыргызстандын азыркы өнүгүү багытын туура деп эсептейт

Профессор Кусейин Исаев атындагы Коомду изилдөө борбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коомдук маанайдын жыйынтыктарын жарыялады. Онлайн-сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 1039 адам катышкан. Изилдөөгө ылайык, жарандардын 88%ы мамлекетте иштер туура багытта жүрүп жатат деп эсептейт. Республиканын бардык облустарында колдоонун деңгээли 84%дан 93%га чейин жеткен. Жаш куракка жараша айырмачылыктар да байкалган: 16–35 жаштагылар арасында оң пикир 83,6%ды түзсө,…

Кененирээк

Венесуэланын президентин кармоо учурунда коопсуздук кызматкерлеринин көбү өлтүрүлгөн

Венесуэланын президенти Николас Мадурону уурдоо учурунда анын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин басымдуу бөлүгү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Владимир Падрино Лопес билдирди. Анын айтымында, Улуттук куралдуу күчтөр Боливар Республикасынын конституциялык президенти, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Николас Мадурону жана анын жубайы, биринчи айым Силия Флорес де Мадурону уурдоону кескин айыптайт. Министрдин билдирүүсүндө бул…

Кененирээк

ИИМ ата-энелерди кышкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды

Ички иштер министрлиги кышкы, жаңы жылдык каникулдарга байланыштуу ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт. Каникул учурунда окуучулар көбүрөөк убактысын көчөдө жана теңтуштарынын арасында өткөрүшөт. Ошондуктан ата-энелер алардын чөйрөсүнө кызыгып, алардын кайда жана ким менен жүргөнүн билип, ошондой эле коомдук жайларда жана короолордо коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүп турушу маанилүү. ИИМ кыш мезгилинде…

Кененирээк

Өлкөдө акыркы он бир айда кайра иштетүү өнөр жай тармагы жогорку өсүштү көрсөттү

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги маалымдады. Тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ВВП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94…

Кененирээк