2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги маалымдады.
Тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ВВП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд 31 млн сомго көп болуп, тармактагы өндүрүштүк активдүүлүктүн жогорулаганын айгинелейт. Ошону менен катар, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 пайызды түзүп, кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу жана ыкчам өнүгүү темпи камсыздалганын көрсөттү.
