Зыяндуу газ чыгарган унааларга каршы рейддер өтөт

Жаратылыш министрлиги документ ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык келтирилгенин жана 15 жылдан берки укуктук боштукту жоюуга багытталганын белгиледи.

Рейддик текшерүүлөр күчөтүлүп, унаалар токтотулуп, түтүндүн деңгээли өлчөнөт. Мониторинг бензин, газ, дизель менен иштеген, анын ичинде гибриддик унааларга да тиешелүү.

Көмүр кычкыл газынын атмосферага чыгарууга жол берилген өлчөмү бекитилди.Эгер текшерүүдө зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген нормадан ашса, айып салынат.

Милиция, тез жардам, ӨКМ, дипломатиялык унаалар, жүргүнчүлөрү бар автобустар жана 3 миң чакырымдан аз жүргөн унаалар текшерилбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *