Каракас бийлиги венесуэлалык жана чет элдик көп сандагы саясий туткундар эркиндикке чыгарылганын билдирди. Алардын арасында белгилүү оппозиция өкүлдөрү да бар экенин жергиликтүү ЖМКлар жазууда.
El Nacional басылмасынын маалыматына ылайык, оппозициялык саясатчы Хуан Пабло Гуанипа жана укук коргоочу Росио Сан-Мигель бошотулат. Ошондой эле мурдагы президенттикке талапкер Энрике Маркес жана оппозиция лидеринин күйөө баласы Рафаэль Тударес да эркиндикке чыгышы мүмкүн.
Укук коргоо уюму Foro Penal Венесуэлада азыркыга чейин 800гө жакын саясий туткун бар экенин билдирет. Алардын көбү 2024-жылы Николас Мадуронун кайра шайланышына каршы нааразылыктардан кийин камалган.
Укук коргоочулар туткундар белгилүү «Геликоид» түрмөсүнөн чыгарылып жатканын айтышууда. Бул жай кыйноолор жана адам укуктарынын одоно бузулушу менен таанымал. Оппозиция лидери Мария Корина Мачадо саясий туткундардын бошотулушун кубаттады.
