Мекеме акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканын айтып, алардан жабыркаган кыргыз жарандары жок экенин билдирген.
Иран аймагында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын сактоо, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталган.
Өзгөчө кырдаалдар учурунда Тегерандагы элчиликке кайрылуу керек экенин айтышты. Ыкчам байланыш номерлери: +989352505226, +989352505229.
