Бишкек мэриясы жана Дүйнөлүк банк борбордогу абанын сапатын жакшыртуу чараларын талкуулашты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азиядагы айлана-чөйрө маселелери боюнча практикасынын менеджери Гаяне Минасян менен жолугушту.

Тараптар абанын булгануусун азайтуу жана шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди талкуулашты.

Демилгелердин арасында Бишкектин айланасына «Жашыл алкак» концепциясын иштеп чыгуу жана жеке үйлөргө жылуулук насосторун орнотуу боюнча пилоттук долбоор бар. Бул салттуу жылытууга экологиялык альтернатива катары каралууда.

Мындан тышкары «Бишкек ЖЭБин», «Бишкекжылуулуктармагын» жана «Бишкекжылуулукэнергону» модернизациялоо планы, экотехнологиялык завод куруу жана Аламүдүн менен Ала-Арча дарыяларынын нуктарын тазалоо маселеси айтылды. Тараптар узак мөөнөттүү чечимдер боюнча кызматташууну улантарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *