Бишкекте Тез жардам борборунун автопаркы жаңыланат

Бишкекте Тез жардам борборунун автопаркы жаңыланат. Бул тууралуу мекеменин директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, учурда кызматтын карамагында 83 унаа бар, бирок алардын үчтөн бири иштөө мүмкүнчүлүгүнөн чыккан. Ошол эле кезде, күн сайын 42 тез жардам бригадасы каттамда иштейт.

«Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги борборго 40 жаңы тез жардам унаасын берүүнү пландоодо»,- деди Шаяхметов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *