Тажикстан Республикасынын Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга товар экспорттоонун көлөмү олуттуу өстү.
2024-жылы 475 миң доллар болсо, өткөн жылы 9 миллион долларга жеткен. Натыйжада көрсөткүч 19 эсеге жогорулаган.
Эксперттер товар жүгүртүүдөгү өсүштү тынчтык келишимине жана Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлушу менен байланыштырып жатышат. Кыргызстан болсо Тажикстан менен жалпы чек арасы бар ЕАЭБдеги жалгыз өлкө бойдон калууда.
Жалпысынан 2025-жылдын 11 айында Тажикстан дүйнөнүн 124 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзгөн.
