Азиз балдардын мектеп-интернаттарына Брайл шрифтинде жазуучу 10 машинка тапшырылды

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 20 машинка сатып алуу үчүн өкмөт башчынын резервдик фондунан 3 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына берилери айтылды.

Perkins Brailler Classic машинкалары Брайл арибинде жазууну системалуу үйрөтүүгө көмөктөшүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын жана көңүл топтоо жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *