Иран өкмөтү өлкөдө болгон массалык нааразылык акциялары учурунда 3117 адам каза болгонун расмий жарыялады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги менен «Шейиттер жана ардагерлер фонду» биргелешкен билдирүү таратканын Euronews маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, каза болгондордун 2427си жарандар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. Калган адамдар боюнча толук маалымат берилген жок.
Бирок бул сандарды укук коргоо уюмдары шектүү деп эсептешет. АКШда жайгашкан HRANA агенттиги нааразылыктарда кеминде 4900дөн ашуун адам каза болгонун билдирген.
Мындан тышкары, 18-январда Reuters ирандык расмий булактарга таянып, «тастыкталган өлүмдөрдүн саны 5000ге жакын» экенин жазган.
Эксперттер расмий маалымат менен көз карандысыз булактардын ортосундагы айырма Иранда маалыматты катуу көзөмөлдөө жана репрессиялар менен байланыштуу экенин белгилешет.
